Экономика министринин төрт орун басары кызматтан кетти

20 ноября 2023, 14:52

Экономика жана коммерция министринин 4 орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу "Reporter.kg"билдирди.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, экономика министринин орун басарлары Канатбек Абдрахманов, Кубанычбек Закенаев (Санариптик өнүктүрүү боюнча министирдин орун басары), Чыңгыз Макешов жана Назарбек Малаев кызматтарынан бошотулду.

Эскерте кетсек, буга чейин Туризм департаментинин директору Самат Шатмановдун министрдин орун басары рангы алынып салынган. Ал учурда департаменттин директору гана болуп иштейт.