Экономика министрлиги: Алдыдагы шайлоо экономикага оң таасирин тийгизет

24 сентября 2020, 13:00

Экономиканын өсүшү 2021-жылдын ортосунда болжолдонууда. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев «Кабар» маалымат агенттигинде өтөн маалымат жыйында билдирди.

 

Анын айтымында, өсүш 4,5 пайызды түзөөрү болжолдонууда. Алыбаев ошондой эле алдыдагы шайлоо экономикага оң таасирин тийгизерин белгиледи.

«Анткени талапкерлер акча каражаттарды жарнама кызматтарына, транспортко, мейманкана чыгымдарына жана башкаларга жумшоодо», - дейт ал.