Инвестиция тартуу үчүн ишкерлерге бизнес-пландын үлгүсү сунушталды

23 ноября 2022, 12:30

Экономика жана коммерция министрлиги Ысык-Көл облусунда аянты 30 га болгон интенсивдүү алма бакчаларын түптөө жөнүндө бизнес-план концепциясынын үлгүсүн сунуштады. Маалыматка ылайык, анын долбоору жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган жана "шаблон" түрүндө колдонсо болот.

Белгиленгендей, бизнес-план ишкерге инвестиция тартуу үчүн долбоорду же бизнес-идеяны иштеп чыгууда жардам берет.

БП үлгүлөрү БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан, Экономика жана коммерция министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып, “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында Россиянын финансылык колдоосу менен иштелип чыккан.

Бизнес-пландын үлгүсү тууралуу толугураак төмөнкү шилтеме аркылуу билсе болот: https://cutt.ly/SM3O3jq