Экономика министрлиги: 2018-жылы күйүүчү майды көмүскө саткандардын айынан бюджет 5 млрд сом жоготкон

23 января 2020, 11:32

Экономика министрлиги жана эксперттердин билдирүүсүндө Кыргызстанда 2018-жылы көмүскө экономиканын 25% күйүүчү май түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын мунай заттарды сатуу Ассоциациясынан билдиришти. 

КР экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы күйүүчү май рыногунан 5 млрд сом казынага түшкөн эмес. 

«Казакстан аймагынан автоунаага куйүүчү майды ташууга тыюу салган КР Өкмөтүнүн токтому чыккандан кийин, күйүүчү майды көмүскө ташыгандар азайууда», - деп жазылат билдирүүдө.