ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн экономикасында адистер жетишсиз

29 ноября 2022, 13:30

Эмгек рыногун өнүктүрүү концепциясын талкуулоонун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова биримдик ичиндеги тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.

Ал ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгектенгендер үчүн негизги тоскоолдуктардын бири квалификацияны баалоо системаларынын ар түрдүү экендигин белгиледи.

“Учурда биримдиктин бардык мүчө өлкөлөрүндө билим берүү боюнча документтер гана жарактуу. Ал эми, жумушчулардын квалификациясын тастыктаган документтер ЕАЭБде тааныла элек”, - деди Алтынай Өмүрбекова.