Экс депутат өз ыктыяры менен мамлекетке 100 млн сом берди

31 мая 2021, 10:20

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимов өз ыктыяры менен мамлекетке каржылык колдоо көрсөтүп, 100 миллион сом салым кошту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сергей Ибрагимовдун компанияларында мүмкүн болгон каржылык мыйзам бузууларга текшерүү жүргүзгөн. Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган эмес. 

Ошол эле учурда экс-депутат өлкөдөгү оор экономикалык кырдаалды эске алып, 100 миллион сом өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү чечти.

“Учурда жогорудагы сумма толугу менен которулду”,  - деп айтылат билдирүүдө.

Сергей Ибрагимов 2007-жылы ЖКнын депутаты, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.