Салык кызматынын экс башчысы финансы министринин орун басары болуп дайындалды

16 октября 2021, 17:30

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов кызматынан четтетилип, каржы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ордуна Мамлекеттик салык кызматын Алтынбек Абдувапов жетектейт.