«Кыргызкөмүрдүн» мурдагы директору кайрадан мамлекеттик ишкананы жетектейт
Мирлан Жакыпов "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жакыпов буга чейин "Кыргызкөмүр" ишканасын 2014-2017-жылдары жетектеген.