MEGAнын директорунун мурдагы орун басары кармалды

10 марта 2023, 11:11

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча "Альфа Телеком" ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, "Альфа Телеком" ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А., жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.