Каржы министринин мурдагы орун басары Илияз Иманбетов жаңы кызматка дайындалды

28 сентября 2022, 16:54

Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалды. Аталган маалымат президенттин сайтында жарыяланды.

Бул жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, буга чейин Иманбетов Каржы министринин биринчи орун басары болуп эмгектенген.