2021-жылдын биринчи чейрегинде баалуу таштардын экспорту 34,2%га жогорулады

8 мая 2021, 11:07

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан жалпы суммасы 142 миллион долларды түзгөн 422,59 тонна баалуу таштар, жарым асыл таштар, ошондой эле берметтердин эки түрү экспорттолгон. Бул тууралуу Бажы кызматынын статистикасында айтылат.

Өз кезегинде, ташылып келген баалуу таштардын көлөмү 1,2 миллион долларды түзгөн.

2020-жылы ушул эле мезгилде баалуу таштарды экспорттоонун көлөмү 314.8 тонна болуп, суммасы 214,7 миллион долларды түзгөн, ал эми импорттун көлөмү 29,9 тоннаны түзүп, 1,5 миллион долларды түзгөнү белгиленди.