ЕАЭС Иранга өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайызга көп экспорт чыгарган

28 октября 2019, 15:26

2019 – жылы ЕАЭСтен Иранга чыгарылган экспорт 17% түзгөн.  Товарайлануунун жалпы суммасы  2 млрд доллардан ашат. Өткөн жылы 2.7 млрд долларга товар айлануу жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирет. 

Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта ЕАЭС жана Иран эркин соода зонасын түзүү алкагында,  убактылуу макулдашууга ылайык, соода жүргүзө башташкан. ЕАЭСке экспорттоочулар эт жана майлуу продукцияларга, таттууларга, металл, косметика, электрондук жана механикалык жабдуулардын айрым түрлөрүнө артыкчылык ала алышат. 

Ирандык экспорттоочуларга жашылча-жемиш, кургак жемиштерге, курулуш материалдарына, идиш-аяк, килем, түстүү металлдардын айрым түрлөрүнө баа артыкчылыктары берилет. 
 «Сүйлөшүлгөн макулдашуу бажы салымдарынын азайышына жана эки тараптык соода мамиленин өнүгүшүнө шарт түзүлөт», —  деп жазылат билдирүүдө.