ЕАЭСтин Нидерландияга болгон экспорту 51.2 млрд $ түзгөн
ЕАЭСтин Нидерландияга чыгарган экспорту 51.2 млрд $ түзгөн. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, көрсөткүч 23.2% өскөн, жалпы товар айлануу 20.6% өскөнүн ЕЭК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы жалпы товар жүгүртүү 55.6 млрд $ түзгөн. ЕЭК голландык ири ишкерлер менен келишим түзүү ниетин билдирет.
Голланддык ишкерлерге, ЕЭКтин мүчөлөрү айыл-чарба жана деңиз кемесин куруу боюнча эки тараптык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын билдиришкен.