ЕАЭБ экспорту 2020-жылдын январь-май айларында 20.8 пайызга азайган
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин 2020-жылдын январь-май айларындагы экспортунун көлөмү 150 млрд 555 млн долларды түздү, бул былтыркы жылдын ушул эле убактысына салыштырмалуу 20.8 пайызга аз.
Товардын аталышы |
Суммасы (доллар менен) |
Арадагы товарлар |
128 208 672 659 |
Керектөөчү товарлар |
5 724 487 560 |
Инвестициялык товарлар |
2 342 653 447 |
Кошумчалай кетсек, биримдиктин өлкөлөрүнүн экспортундагы эң чоң төмөндөө арадагы товарлар категориясында байкалып, (анын ичинде энергетикалык товарлар) ал 25.4 пайызды түзгөн. Ал эми керектөөчү товарларды тапшыруу тескеринче 6.6 пайызга өскөн.