11 айда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоо 25,2 млрд сомду түздү

19 января 2022, 12:22

2021-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,4%га өсүп, 6 млрд 278,2 млн долларды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Андан тышкары экспорттук берүүлөр 20,1%га кыскарып, 1 млрд 449,4 млн долларды түздү, импорттук түшүүлөр 43,9%га көбөйүп, 4 млрд 828,8 млн долларды түздү.

Ушул эле мезгилде айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын экспорттоо 25 млрд 236,8 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,8%га көп.