Сербияга экспорт жеңилдетилген негизде жүзөгө ашырылат

31 мая 2021, 10:00

ЕАЭБ менен ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан Сербиянын ортосундагы эркин соода зонасы жөнүндө келишим ушул жылдын 10-июлунда күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин сайтында маалымдалды.

Макулдашуу күчүнө кириши менен Сербияга экспорттолуучу кыргыз товарларынын 99% дан ашыгы жеңилдетилген режимде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, келишим сооданын ыңгайлуу шарттарын сактоо жана колдонулган иш-чаралардын ачык-айкындуулугун камсыздоону камтыйт.

Бүгүнкү күндө Беларусь Республикасы, Казакстан жана Россия Федерациясы Сербия менен эркин соода жүргүзүү боюнча эки тараптуу келишимдерди түзсө, Кыргызстан менен Арменияда андай келишимдер жок.