ЕАЭС мамлекеттерине болгон КР экспорту 8% азайган

22 октября 2019, 10:10

2019 – жылдын январь-август айларында Кыргызстан ЕАЭС мамлекеттери менен 1.7 млрд. $ соода жүргүзгөн. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, соода көлөмү 5% кыскарган. Бул тууралуу Улуттук стаистика комитети билдирет. 

Маалыматка ылайык, экспорт 8%, импорттук түшүүлөр – 4.1%  кыскарган. Эң көп Кыргызстан Россия менен  соодасы - 60.8% түзүп, жалпы соодадан эң көп көлөмдү түзгөн.    Казакстан менен болгон сооданын көрсөткүчү – 37%. ЕАЭС мамлекеттерине болгон экспорттук жөнөтүүлөр төмөндөгүчө: 

• Казакстан —219 млн. $

• Беларусия —8.6 млн. $

• Армения —  40 миң $

Роосиядан - 875.4 млн. $, Казакстандан – 411.4 млн. $, Беларусиядан – 29.4 млн. $ жана Армениядан – 273 миң $ импорт келген.