Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 30,4% өстү

16 января 2022, 11:29

Кыргызстандын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31,4 пайызга өскөн. Экспорттук жөнөтүүлөр 30,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 31,7 пайызга жогоруланган.

"Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Орусияга 65,5 пайыз жана Казакстанга 32,0 пайыз туура келди",- деп айтылат маалыматта.