ЕАЭСке киргенден тарта тигүү цехтеринин экспорту 60% азайды

17 октября 2019, 15:21

Кыргызстан ЕАЭСке киргенден тарта эч кандай пайда тапкан жок. Өлкөдө тигүү цехтеринен чыккан продукциялардын экспорту 60% азайганы байкалат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди. 

Экспорттун азайгандыгына байланыштуу  мигранттардын акча которуусунун көлөмү 10 пайызга же 175 млн. долларга азайгандыгын билдирет. 

Депутат мамлекеттик структураларды фискалдаштыруу, товарларды маркирлөө, мамлекеттик кызматтарды автоматташтырууну ылдамдатуу керек экендигин билдирди.