ЕАЭС мамлекеттердин экспорту 338 млрд $ түзөт

9 декабря 2019, 15:00

Үстүбүздөгү жылдын акыркы тогуз айында ЕАЭС мамлекеттери 338.1 млрд долларга товар экспорттошкон. Ал эми импорттун көлөмү 197. 1 млрд долларга жеткен. Бул тууралуу ЕЭКтин отчетунда жазылат. 

Комиссия берген маалыматка ылайык, өткөн жыл менен салыштырмалуу экспорт 4.8% кыскарган, импорт 1.9% өскөн. Жүгүртүлгөн сооданын  83.4% Россия мамлекетине  тийиштүү. Ал эми Казакстан - 10.4%, Белорусия - 4.9%, Армения - 0.7% жана КР - 0.7% соода жүгүрткөн. 

Экспорттун көпчүлүк бөлүгүн минералдык продукция (67%) түзөт.