Кыргызстандын экспорту 492 млн $ түзгөн

3 февраля 2020, 09:04

Кыргызстандын ЕАЭБ өлөлөрүнө болгон экспорту I-II кварталдын жыйынтыгы менен 492 млн $ түзгөн. Бул 2018 - жылдын I-II кварталына салыштырмалуу 120 млн $ көп болгон. Экспорттун өсүүсү I-III квартал ичинде +31.2% түзгөн. 

Республикада импорттун көлөмү 5.7% (I-III квартал ичинде) азайган. I-II кварталдын жыйынтыгы менен импорттун көлөмү 463 млн $ түзгөн. 2018 - жылга салыштырмалуу көрсөткүч 28 млн $ өскөн. 

«2019 - жылдын  I-III квартал ичинде 2018 - жылга салыштырмалуу Россиядан тышкары, ЕАЭБ өлөлөрүндө экспорттун көлөмү өскөн. Ал эми импорттун көлөмү Арменияда, Белорусияда жана Россияда жогорулаганы байкалат. Кыргызстан менен Белорусияда сооданын натыйжалуу балансы байкалган. ЕАЭБдеги башка мамлекеттерде импорттун көлөмү экспорттун жогору болгону байкалат», — деп билдиришти Евразия экономикалык комиссиянын аналитиктери.