Кыргызстандан алтынды экспорттоо дээрлик төрт тоннага кыскарды

21 июля 2021, 15:00

Ушул жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча алтынды экспорттоонун көлөмү 4 тонна 135 кг түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алтынды экспорттоонун көлөмү 3,8 тоннага азайган.

Кыргызстан алтынды көбүнэсе Улуу Британияга экспорттойт. Андан азыраак бөлүгү Орусия, Италия жана Түркияга туура келет.