COVID-19: эл аралык донорлордон 291,9 млн доллар келип түшкөн
«Бүгүнкү күндө көрсөтүлгөн сумманын ичинен 291,9 млн АКШ доллары Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түштү. Жыл аягына чейин бюджетти колдоого Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан – 100 млн АКШ долларын тартып келүү пландалууда. Бул багытта донорлор менен сүйлөшүүлөр уланууда»,- деп билдирди Финансы министри Бактыгул Жеенбаева.
Анын айтымында, Өкмөт тарабынан 1-апрелден 22- июнга чейин Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинен 13,9 млрд сом социалдык маанилүү иш-чараларга сарпталган.