Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 30 млн доллар бөлөт

24 ноября 2022, 14:30

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлөт. Макулдашуу Министрлер кабинети тарабынан жактырылды.

Насыяга берилген каражат “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорун ишке ашырууга жумшалат.

Программа аз камсыз үй-бүлөлөргө жана эмгек мигранттарына кризистин таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун ишке ашыруу системаларынын эффективдүүлүгү жогорулайт.