Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан Кыргызстан 50 млн доллар алат

30 ноября 2023, 13:35

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 50 млн доллар берет. Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкулованын айтымында, каражат абанын сапатын жакшыртууга багытталат.

Долбоор бир нече этаптан турат, анын ичинде аба сапатын башкаруу системасын бекемдөө, үйлөрдү жылытуунун экологиялык чечимдерин колдоо жана шаарды жашылдандыруу бар.

Программа 2030-жылдын декабрына чейин ишке ашат. Парламенттин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети токтом долбоорду жактырды.