Эл аралык уюмдар өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн жардам берүүгө даяр

13 октября 2020, 13:10

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Жолугушууда кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү айтылды. 

Ошондой эле Айдарбеков ички саясий кырдаал жөнүндө башка мамлекеттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына, ошондой эле учурдагы кырдаалды укуктук талаада жөнгө салуу максатында көрүлүп жаткан чараларга көңүл буруп жаткандыгын маалымдады.

Эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерди колдошот жана зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даяр.

Бул демилгеге Сооронбай Жээнбеков ыраазычылыгын билдирди.