"Электр станциялары" ААКнын жетекчилер кеңеши ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин токтотту

22 февраля 2020, 15:00

«Электр станциялары» ААКнын жетекчилер кеңеши ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин токтотту. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун расмий сайтында айтылат.

2020-жылдын 13-февралында өткөн кезексиз жыйында Абдылда Исраиловдун, Тилек Айталиевдин жана Жолдош Ачикеевдин ыйгарымдарым укуктарын токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

«Электр станциялары» ААКнын жаңы жетекчилер кеңешине Абдылда Исраилов, Тилек Айталиев, Эркин Суеркулов, Болотбек Иманалиев жана Максатбек Сулаймановдор тандалды.