«Электр станциялары» 1.6 млн сомго акциясын жокко чыгарды

21 сентября 2022, 09:38

“Электр станциялары” ачык акционердик коому акцияларынын саны азайгандыгын билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылды.

16-сентябрда “Электр станцияларынын” жүгүртүүдөгү акцияларынын саны 357 миң 427 нускага кыскарган.

“Бул акциялар сатылып алынган жана жокко чыгарылган. Алардын жалпы баасы 1 млн 639,8 миң сомду түздү”, - деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө.

Тиешелүү чечим акционерлердин 27-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алынганын кошумчалайбыз.