«Электр станциялары» ААК 2,3 млрд сомго көмүр сатып алат
“Электр станциялары” ААК Бишкек ЖЭБине 2,3 млрд сомго көмүр сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Д, ДГ жана Г маркасындагы 650 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда.
Биринчи партия бекитилген графикке ылайык, Бишкек ЖЭБдин көмүр кампасына 2022-жылдын июнь айында келип, андан кийин жеткирүү ай сайын 2023-жылдын мартына чейин уланат. Сатып алуунун жалпы суммасы 2 млрд 340 млн сомду түзөт.
Тендер эки пакеттүү түрдө бир этапта өткөрүлөт.