«Электр станциялары» бюджеттен дагы 1,5 млрд сом алат

14 октября 2022, 10:07

Октябрь айында “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна бюджеттен 1 миллиард 540 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин ушул айдагы кассалык планында айтылды.

Акча кандай максатта жөнөтүлөрү тактала элек.

Буга чейин, ушул жылдын сентябрь айында "Электр станцияларына" бюджеттен 900 миллион сом бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, 3-октябрда "Электр станциялары" ААКнын акционерлери жаңы башкы директорлукка Айбек Айдаралиевди шайлашты.