«Электр станциялары» көмүр сатып алууга үч млрд сомго жакын каражат сарптайт
"Электр станциялары" компаниясы көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтына жарыяланган.
Тендердин жалпы баасы 2 млрд 992 млн 500 миң сомду түзөт.
Техникалык тапшырмага ылайык, 950 миң тонна көмүр сатып алуу пландалган.
Кошумчалай кетсек көмүр "Б" кыргыз маркасы аркылуу сатып алынат.