«Электр станциялары» сентябрда бюджеттен 900 млн сом алат

23 сентября 2022, 08:40

Сентябрь айында республикалык бюджеттен “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна 900 миллион сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Каражат андай максатта бөлүнгөнү айтылган эмес.

Бирок, 27-июлда болуп өткөн "Электр станциялары"ААКнын акыркы кезексиз жыйынынын көчүрмөсүнөн белгилүү болгондой, ишкана жөнөкөй акцияларды жайгаштыруу аркылуу уставдык капиталын 363 миллион 641,4 миң сомго көбөйтүүнү көздөп жатат.

Акциялардын жалпы чыгарылышы ар биринин номиналдык баасы 4,58776 сомду түзгөн 79 миллион 263 миң 401 нусканы түзөт.