«Электр станциялары» 142 млн сомго көмүр сатып алышат

6 августа 2021, 14:00

"Электр станциялары" компаниясы ДСШ маркасындагы кыргыз көмүрүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 142 миллион 500 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, жалпысынан 50 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда.