Электрондук эсеп-фактураны колдонгон ишкерлер көбөйдү

9 февраля 2024, 10:50

Акыркы бир жылда электрондук эсеп-фактураны колдонгон ишкерлердин саны 65 миңге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда 94,3 миң субъект бар.

2023-жылы ишкерлер 1,7 трлн сомдук жалпы жүгүртүүгө 19,6 млн электрондук эсеп-фактураларды беришкен.

Жалпысынан электрондук эсеп фактура ишке ашырыла баштагандан бери 5,1 трлн сомго 40,7 млн документ берилген. 

Эске салсак, электрондук эсеп-фактураларды 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр, 2023-жылдын 1-майынан тартып  жеке ишкерлер бере баштаган.