Кыргызстан электрондук соода жүгүртүү боюнча 151 өлкөнүн ичинен, 114 орунда

24 сентября 2019, 15:20

Кыргызстан электрондук соода жүгүртүү боюнча  дүйнөдөгү  151 өлкөнүн ичинен 114 орунда турат. Бул тууралуу 24-сентябрда «КИТ-2019»  IT-форумунда электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлү Елена Чигибаева билдирди. 

Анын айтымында, электрондук соодадагы өнүгүүнү төмөнкү 4 баскыч аркылуу аныктоого мүмкүн: 

- Интернет колдонуучулардын үлүшү 
- Кредиттик картаны колдонуучулардын үлүшү 
- коопсуздук кызмат 
- товарды убагында жоготуусуз жеткирүү 

Анын айтымында, Кыргызстанда мобилдик интенеттин кириши 103% түзөт. “Бизде аймакта интернет дээрлик бардык колдоонучуларды камтыганы менен, биз дүйнөлүк көрсөткүчтө арткы орунда турабыз”, - деп билдирет. 

Е.Чигибаева билдиргендей, көбүнэсе интернеттен керектөөчү товарларды сатып алышат, экинчи орунда – электроника, үчүнчү орунда – оюнчук жана көңүл ачуучу товарлар. КР 6 млн. жашоочу болсо мобилдик колдонуучулар 9,38 млн.го жетет. Бул ар бир адамда экиден сим-карта бар дегенди билдирет.  

Бизде интернет менен 1 млн. 33 миң адам активдүү колдонот”, - спикердин айтымында, бул статистиканы Дүйнөлүк банк ж.б. статистикалык  уюмдар колдонгон. Бул статистика 2019 – жылдын январь айында тастыкталган. 

Ресурстар боюнча алганда, Youtube биринчи орунда турат. “Бизде электрондук соода үчүн жооп бере турчу сайт жок” – деп кошумчалады.