ЕЭКтин соода министри ЕАЭСтеги электрондук сооданын башкы маселелерин айтты

16 сентября 2019, 14:46

 “Электрондук соода салттуу соодага карганда бат өнүгүп жатат.” Бул тууралуу “ЕАЭС  ичиндеги жана дүйнөлүк деңгээлдеги Кыргызстандын соода саясаты”  Москва-Ереван-Бишкек-Нур-Султан-Кишинев видео-көпүрөдө Евразия экономикалык комиссиянын соода министри Вероника Никишина билдирди. 

 

Анын айтымына караганда, санариптештирүүнү бир гана соода тармагына эмес, бардык жакка киргизиш керек. 

 “Бардык мамлекеттер сандарды бирдиктүү кылыш үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Алар бири-бирине төп келбеши мүмкүн, бирдиктүү санариптик мейкиндик болмоюнча маселе жарала берет. Ошондуктан бирдиктүү көлөм стандартын иштеп чыгуу керек” – деп билдирди. 

В.Никишина электрондук соода боюнча башкы маселелерди бири – товарлорга болгон коопсуздуктун жана жашыруун соодагерлердин кардарлар астындагы жоопкерчиликтеринин жоктугу башкы маселелердин бири экенин билдирди.