Электрондук камсыздандыруу полисин онлайн сатып алууга болот

12 марта 2024, 12:59

Салык төлөөчүлөр электрондук камсыздандыруу полисин онлайн “жеке кабинети” аркылуу сатып алса болот.  Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Жеке ишкерлер жана жеке адамдар салык органына барбастан Salyk.kg же cabinet.salyk.kg сайттарында бул кызматты онлайн түрдө колдоно алышат.

Электрондук камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн салык төлөөчү Salyk.kg же cabinet.salyk.kg сайтындагы «жеке кабинетке» кириши керек. Андан кийин, “Модульдар” / “Электрондук кызматтар” бөлүмүнө өтүү менен, “Полис” кызматы жайгашкан “Электрондук патент” бөлүмүн тандоо керек.

Мамлекеттик салык кызматы электрондук камсыздандыруу полисин банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу төлөөдө epatent.salyk.kg системасы тарабынан түзүлгөн атайын төлөм кодун киргизүү керектигин белгилейт.