«Элет-Капитал» облигациялар боюнча 461,7 миң сом төлөдү

26 мая 2023, 13:43

"Элет-Капитал" микрофинансы компаниясы облигациялар боюнча төлөнгөн кирешесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Кирешенин жалпы суммасы 480 миң 95 сомду түздү. Каражат 56 облигация ээлерине бөлүштүрүлөт.

Анын ичинен 49 адам 461,7 миң сомдон алса, калганы облигация ээлери келбегендиктен төлөнгөн жок.