Казахстанда электрондук чылымга акциз киригизүү каралууда

12 марта 2019, 12:09

Жакын арада  Казахстанда электрондук тамекиге  акциз киргизиле баштайт деп жазып чыкты Kursiv.kz малымат агентиги.

Мамлекеттин казынасы  10 млрд теңени  жоготот. Эгерде жакын арада электрондук тамекиге акциз киргизбесе деп чыкты мажилистин депутаты Омархан Оксикбаев. Анын пикиринде электрондук  аппараттарга акциз киргизип, аны кадыресе тамеки продукцияларына теңөө керек деп чыкты. 

«Казахстандын рыногунда  эле электрондук сигареттер  3% ээлейт. Бул келечекте  10%  жетсе,  анда мамлекеттик казынага 10 ашык миллиард теңге түшпөй калат. Биз эмнегедир башка тамеки продукцияларына акциз киргизип, буларга киргизген жокпуз»— деп кошумчалады депутат.

Казахстандын улуттук экономикалык министрлигинде 2019-жылы  атайын жумушчу тобун түзөрүн билдиришти.