Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды сак болууга чакырды

28 марта 2024, 12:45

Социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн жалдоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалдоочулар негизинен таанышуу максатында байланышка чыгышат. Мындан улам, Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарга ар кандай чагымдарга алдырбоо, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоо, түрдүү акцияларга катышпоо, ошондой эле балдарды көзөмөлдөө сунушталат.