Катардын эмири Кыргызстанга биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келет

5 июня 2023, 14:03

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани 6-7-июнда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

"Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, бул араб мамлекетинин башчысынын Кыргызстанга алгачкы сапары.