Имараттардагы энергетика натыйжалуулугу мындан ары мыйзам аркылуу жөнгө салынып турат
Өкмөт «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Мындан ары имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү имараттардын энергетикалык сертификаттарына мамлекеттик реестр жүргүзүлөт жана адистердин квалификациялык сертификациялоо тартиби орнотулат.
Сертификациялоонун максаты – имараттардын энергоресурстарды колдонуусуна мүнөздөмө берүү, энергияны үнөмдөөдөгү дараметин аныктоо жана имараттардын кожоюндарына энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды берүү.