Энергетик айымдар Алматыдагы күн электр станциясында тажрыйба алышат

17 марта 2023, 10:28

Кыргызстанда энергетика тармагында иштеген айымдар Казакстандын күн жана шамал электр станцияларында стажировкадан өтүшөт. Бул тууралуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн эл аралык энергетика форумунда айтылды. 

Форумда Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы, Алматы энергетика жана байланыш университети жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. 

Бул документ Казакстандын кайра жаралуучу энергия объектилеринде бекер окууга мүмкүндүк берет.

"Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстандын энергетика тармагында иштеп жаткан айымдарга берилип жатат. Бул алардын потенциалын жогорулатуу үчүн зарыл. Биз жемиштүү кызматташууну күтөбүз. Келечекте энергетика тармагында окуган акыркы курстун студенттери дагы тажрыйба алууга бара алат”, - деди Кыргызстандагы энергетик аялдар Ассоциациянын президенти Алтынай Абдыкеримова.