Назаров: Элдер энергетиктердин атын укканда дароо жемкорлорду элестетишет

9 декабря 2019, 12:38

«ЖЭБ Бишкектин чуусунан  кийин, элдер энергетиктерди укканда, бир гана жемкорлорду элестетишет», - деп айтты Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Аймамат Назаров.

 

«Мен өзүмдү энергетикмин деп айткандан уялам, себеби  энергетикмин десем эле, элдер мени жемкор деп ойлошот. Энергетика тармагында 16,5 миң адам иштейт. Булар – жемкорлор эмес. Булар таза жана өзүнүн ишинин чыныгы адистери. Бирок, муну менен катар абооненттер менен өз алдынча келишим түзүп алып, электр энергия уурдаган кызматкерлер дагы жок эмес. Булар – коррупционерлер. Биз коррупция менен күрөшүүгө бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Аларды жумуштан кетирүү же абакка отургузуу – бул маселени чечүү эмес. Коррупцияга чейинки иштерди жасап, жемкорлук менен күрөшсө болот.

Кадр саясатын айта турган болсок, мен энергохолдингке келген күндөн тарта,  тогуз бөлүштүрүү компаниялардын алтоосунун жетекчилерин алмаштырдым. Өзүм энергетик эмесмин, бирок жетекчилик кызматка – өз кесибин мыкты адистерин алдым», - деп айтты холдингтин жетекчиси.