Энергетика министрлиги Кыргызстанда жарыкты өчүрүү токтотулганын билдирди

11 марта 2024, 09:05

Энергетика министрлиги Кыргызстанда жарыкты өчүрүү токтотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аба ырайы ысып, электр энергиясын керектөө кыйла азайгандыктан, жөнгө салуу иш-чаралары жыйынтыкталды.

Ушул айдын башында өлкөдө эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу электр энергиясына чектөө киргизилген.

Белгиленгендей, учурда Токтогул суу сактагычында 7,5 млрд метр кубдан бир аз ашык суу бар.