Энергетика тармагынын карызы Финансы министрлигине өткөрүлөт

31 марта 2022, 17:59

Энергетика тармагынын карызы 136 млрд сомдон ашуун. Бул тууралуу бүгүн,31-мартта Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагындагы карызды Финансы министрлигине өткөрүү чечими президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды.

“Президенттин тапшырмасы менен бул жылы биз энергетиктерди карыздан арылтабыз. Энергетиктер эркин түрдө масштабдуу долбоорлорду ишке ашыра баштайт”,- деди Бекмурзаев

Ошондой эле министр быйыл энергетика тармагында масштабдуу реформалар пландалып жатканын белгилеп, Кыргызстанда энергетика тармагына тиешелүү бардык ишканалар бириктирилип, эки ири компанияга айланарын айтты.

“Өлкөдөгү энергетика тармагына тиешелүү бардык ишканаларды реформалоо менен 1 млрд сом үнөмдөөгө болот”,- деп кошумчалады ал. 

Ал мындан тышкары ушул жайда Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун курулушу башталарын жана анын алгачкы курулуш иштери үчүн 20 млн доллар каралганын билдирди