Энергетикадагы коррупциядан өлкө 878 млн сом зыянга учурады

31 января 2023, 15:42

Энергетика тармагындагы коррупциядан улам 2022-жылы мамлекет 878 миллион сом зыянга учураган. Бул тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Энергетика министрлигине 163 прокурордук акт берилип, 46 кылмыш иши козголгон.

“Кылмыш иштеринин көбү мамлекеттик сатып алуулар, мыйзамсыз баюу, электр энергиясын уурдоо жана өндүрүлгөн электр энергиясын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу”, - деп айтылат маалыматта.