Нарында энергетиктер күзгү-кышкыга болгон даярдыктарын башташты

4 сентября 2019, 13:03

Нарын областынын энергетика ишканалары күзгү-кышкы мезгилине болгон даярдыктарды жүргүзүп жатышат. ААК «Чыгышэлектро», ААК «Электрдик станция»,

«Кыргызжылуулукэнерго» оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоодо. Бул тууралуу КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун Нарынга болгон иш сапары учурунда маалым болду. 

Андан сырткары, төрага жагылуучу отундарга жарыяланган тендер иштерин тезинен аяктоону тапшырды. 

Иш сапар учурунда эч кандай кемчилик, каталар байкалган эмес.