Энергетика тармагын капиталдаштырууга 10 млрд сом багытталат

23 ноября 2022, 14:06

Кийинки жылы өлкөнүн энергетика тармагын капиталдаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинин 2023-жылга карата мамлекеттик бюджеттин долбоору боюнча сунуштарында айтылды. 

Ага ылайык, 2023-жылы энергетика тармагын 10,8 миллиард сомго, 2024-жылы 55,8 миллиард сомго жана 2025-жылы 57,1 миллиард сомго капиталдаштыруу пландалууда. 

Мекемеден белгилешкендей, мындай кадамдар өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртат.

Мындан тышкары, 2023-жылга мамлекеттин энергетикасына байланыштуу Каржы министрлигинин негизги чыгашаларына Камбар-Ата ГЭСинин курулушун каржылоо кирет. Ага бюджеттен 816,7 млн сом бөлүү каралууда.