Улуттук энергохолдинг кышка даярдык көрүүдө (видео)

19 июля 2019, 10:55

Улуттук энергохолдинг кышка даярдык көрүүдө. Учурда Бишкектин Жал кичи району менен ага жакын жайгашкан аймакты кышка дарярдоо үчүн жаңы жабдыктар менен алмаштыруу жасалууда. 

Бишкек шаарындагы «Айни» көмөк чордонунда жаңы тетиктер орнотулуп, кышка даярдык көрүлүүдө. Анткени, кыш мезгилинде дал ушул көмөк чордондун абоненттери  көп болгондуктан, тетиктер шаардыктарды электр энергиясы  менен камсыздоодо кыйынчылыктарга туш болуп келген. Кышта жылуу болуш үчүн энергетиктер жайда кам көрүшөт. Бул тууралуу энергетик Акылбек  Каныбеков  маалымдайт.